```Курдашымсын жанымдагы жөлөгүм Көп учурда көрсөтөсүн көмөгүн Кымбат мага сенин ордун досум ай Көп достордон сени артык көрөмүн ::::::::::::::::::::: Билесинби сырдашымсын баягы Бул ыр сага достугумдун баяны Бир сөз айтам угуп тургун жакыным Бүтбөйт эч бир сыйымында аягы :::::::::::::::::::: Сени досум жакшы көрөм чынында Сакинамсын сага айтам сырымда Асыл белек бере албасам дагы мен Атыны мен жазып өтөм ырымда```
Той башталып жар жарлары жанырса Кубанычтан , көз жаштарым агылса Түбөлүккө өзүнүздү сүйүп , сыйлайм Сиздей адам жашоомдо бир табылса —————————————————————— Аппак жоолук ошол күндөн салынса Атыңыз сиздин жүрөгүмө тагылса Ар дайыма кадырлап жүрөм жанашып Сиздей адам тагдырыма кабылса