Ырдын баасы болуш керек жогору,
Ыр деп эле жаза берсе болобу.
Убактыңды кур бекерге өткөрбөй,
Максатыңды айтып жазчы оболу!
Жакшы ырбы деп, окуп чыксаң тигилип,
Көп ырлардан башың ооруйт жинигип.
Чын чынында ырды сүйгөн адамга,
Жалпысынан көбү супсак биригип!
Окурманмын ырды сүйгөн жамакчы,
Дөө шаарлардан алып коём сабакты.
Чийки ырларга китебимди толтуруп,
Акынмын деп булгабаймын баракты!
Ырды жазам кээде мен да ойлонуп,
Жазып жатсам сезилгенсийт зор болуп.
Баасы баркы,акырында билинбей,
Канча ырларым сатылды го кор болуп.
АРСТАНБЕК СУЛАЙМАНОВ.