Фильтр
Сагынганда

Мен сени сагынганда,
Абаңа, тоолоруңа зарылганда.
Көөдөндү кусалыгым кысмакка алып,
Көңүлүм чагылгандай жарылганда:

Мекеним карайм сенин сүрөтүңө,
Карааның дары алсыз мүнөтүмдө.
Көр тирлик тушап алып жетпей калсам,
Урпагыма жай бер мекен түнөгүңдөн.

Тамырын соолутпастан жайылта көр,
Булагын өзүңдө эркин агылта көр.
Ырысын сенден жыйсын Ата Журтум,
Кар кылбай, бактысына малынта көр.

Сабырым кээде кетет өрттөп жанды,
Ала Тоом өзүңдү эңсеп сагынганда.
Турмуштун агымына каршы сүзүп,
Барармын көкүрөктө жаным барда.

Сагынып жүрүп бирок, жетпей калсам,
Насип кыл турпагыңды жамынганга...

Автору Зарыл Өмүралиева
Капысынан кезиктик ошол жерде,
Поэзия кечеси өткөн эле.
Китепкана Баялинов атындагы,
Жолугууга биз үчүн буйрук беле.

Тааныштырды тагдыр буйруп экөөбүздү,
Табыштырып жүрөктөгү сүйүүбүздү.
Күндүз ойдо, түнкүсүн түшүмдөсүң.
Жашайсың сен жүрөгүмдө жүрөктөшүм.

Күндө келип жумушумдун бүтөр кезде,
Жайдар күлүп, кучак жайып эркелете.
Жаным сүйүүм, каралдым сагындым деп,
Эркелеткен сөздөрүңүз али эсте.

Берекем,жан дүйнөм,гүлүм,балым,
Кымбатым,сулуум,жаным,жашоом баарым.
Ардагым сен мендиксиң,мен сендикмин,
Жалгызым,жүрөгүмдө сенсиң айым.

Жылдар өттү арадан канчалаган,
Жолдорубуз бир болбоду аттиң арман.
Кимдер билет көз тийдиби сүйүүбүзгө,
Биздин сүйүү түбөлүктүү жашап калган.

Баары билген бизди
Келемин дедиң эле күттүм сени,
Таң атар жолду карап кайра кайра.
Жашоомдо жалгыз сени сүйгөн элем,
Жалгыздык жанга батты барбы арга.

Кылчайып келесиңби суранамын,
Кыйналып мен өзүңсүз куураганым.
Кара көз келбетиңди унута албай,
Кусадан жаным чыдап тура албадым.

Тагдырга башым ийем келсе башка,
Татынам кечир мени ажырашпа.
Өзүңдү издеп жүрүп тапкан элем,
Өрүктөй гүлүн ачкан жаштык чакта.

Бурулкан Жолдошбек кызы
04.05.2020
Кыргыздын улуулугун азыр билдиң ,
Кыздардын сулуусун азыр сүйдүң .
Кайдагы тилиң буруп каапырларча ,
Кыргызча сүйлөгөнгө шылдың,күлдүң

Акчанын артынан айда шаштың ,
Арактан көп ичтиң үйдөн качтың .
Апаңды унутуп калган кезде ,
Апалап алыстан үйгө качтың .

Балаңды талаага төрөп койдуң ,
Ыргытып таштандыга жөлөп койдуң .
Чыдады канткенде аттиң байкуш ,
Башыңды көтөргөн ошол мойнуң .

Адамдар атасыз туулуп жатат ,
Кыргыздар башкада куулуп жатат .
Күнөөсүз жөнөкөй адамдардын ,
Вирусуң жандарын сууруп жатат .

Мекенге канчоосу жетпей калды ,
Кээ бири мекенин эстей калды .
Кээ бири кыргызды жамансың деп ,
Сөгүшүп кыздарың тепсей калды .

Үйү жок көчөдө канчоо жүрөт ,
Кеп кылып аларды канчоо күл
  • Класс
  • Класс
  • Класс
  • Класс
Показать ещё