КАЙДАН КЕЛДИҢ
Алоолоп от жалынга күйгөн кезим,
Аптыгып аптабынан чыкпай демим.
Аргамды түгөттүң го ойго салып,
Ашыктык айтчы мага, кайдан келдиң?
Магдырап мээримиңе балкып сезим,
Мен сездим сенин таттуу экендигиң.
Мукамдуу, жанга жаккан обон созуп,
Махабат, айтчы деги кайдан келдиң?
Санаага толгон мага үмүт бердиң,
Сыноосун тартып турам сезимдердин.
Акырын түн уйкумду тартып алдың,
Арзуу сен, айтчы мага кайдан келдиң?
Саргайтып сагынычка батырдың го,
Сүйүү сен, айтчы, айтчы кайдан келдиң?
Жазган: Жыргалбек Усенов. 20.05.2025
21:29 Москва.