ТЕГЕНЕНИН КООЗДУГУ
Төп келишкен төрт тарабың көргөндө,
Тегенеге назарыңды бөлгөндө.
Жарашыктуу кооздугуна көз түшөт,
Жүргөн өңдүү Бейиш бактын төрүндө.
Капчыгайда жүзүм өсүп жайкалган,
Каптал жагы Кара-Мисте аталган.
Жашыл токой арасында түркүн бак,
Жандык болбойт токоюнда ач калган.
Арчалар бар кылым санап жетилген,
Алмага бай бышкан кезде эзилген.
Тамшандырган татынакай жүзүмү,
Такыр кетпейт даамы болсо эсимден.
Алча, өрүк, долоносу аралаш,
Андан башка карагатка катарлаш.
Өрдө дагы мисте, чие, доулгу,
Өсүп келет булар менен атаандаш.
Бүркүт учуп аскасында шаңшыган,
Безеленип булбул бакта таңшыган.
Тынымы жок кекилиги үн салса,
Токоюнда түлкү жойлоп аңдыган.
Кыргоол жүрөт балапа