ЖЫЛДАР УЛУУ
Сүйлөбө сүйлөбөчү,
Жан дүйнөм качып турат,
Сезимим сенек болуп,
Сөзүңдү сүйбөй турат.
Караба карабачы,
Жан дүйнөм үшүп турат.
Көз караш, демиң дагы
Кыш беле үшүк урат.
Алыска кетип калчы,
Тынчысынчы......
Көңүлдөр жылуу тартып,
Айыксынчы...... .
Жылуулук издеп анан,
Жан дүйнөм жылысынчы,
Жыпжылуу сөздөрүңдү
Жүрөгүм сагынсынчы.
Ооруп турган көңүл жибин,
Оору жөлөп калбаса экен,.
Жүрөктүн калган жигин,
Жылмалап жамаса экен.
Ойлончу жашап турган,
Жылдар терең,
Жылдар улуу,
Экендигин!
Анткени ӨМҮР бирөө гана...❤
🌿🌿🌿🌿🌿🌿🌿🌿🌿🌿🌿🌿🌿