Бир адам иш столуна отуруп, колуна ручканы алды да: - Өткөн жылы врачтар өтүмдү алып салды. Бир канча мезгил төшөктө жаттым.Отуз жыл бою иштеген жумушумду таштадым.Атам каза болду.Уулум автокырсыкка учурап,бир нече ай окуусуна бара албады.Натыйжада университетти бүтпөй калды.Өткөн жыл өтө оор жыл болду - деп жазды. Аялы кирип келди.Күйөөсүнүн көңүлсүз отурганын көрүп,ага жакындады. Жазган катын окуду да,эч нерсе дебей акырын чыгып кетти.Бир канча мүнөттөн соң колуна кагаз кармап кирип келди да,унчукпастан күйөөсүнүн алдына койду. Эри окуй баштады: - Өткөн жылы өтүңүздү алдырып, көп убакыттан бери жаныңызды кыйнап келген оорудан кутулдуңуз.Жумушуңуздан айрылганыңыз - үйгө,бала-ча