Предыдущая публикация
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Больше информации
  • Главная
  • Увлечения
  • Видео
  • Группы
  • Люди
  • Публикации
  • Игры
  • Подарки
  • Поздравления
  • Помощь
  • русский
Левая колонка
Фотография от Сааткан Садыкбаева

Сааткан Садыкбаева

Последний визит: 05:06
Фотография от Сааткан Садыкбаева
Фотография от Сааткан Садыкбаева
Фотография от Сааткан Садыкбаева
Фотография от Сааткан Садыкбаева
Фотография от Сааткан Садыкбаева
Фильтр
ЗаметкиУвлечения
Сааткан Садыкбаева
вчера 04:43
АКЫН СҮЙӨТ

Акын сүйөт аруу таңдар атканын,
Күндүн нуру кең ааламга чачканын.
Кут береке, ырыскысын тартуулап,
Күн кызарып тоо артына батканын.

Шамал менен тең жарышып күйүгөт,
Кыялдары тоо аралап жүгүрөт.
Ак кар баскан чокуларды туу тутуп,
Асман...жерге баарлашып сүйүнөт.

Жамгыр менен куюлушуп төгүлөт,
Тамчыларда ыр саптары өрүлөт.
Жан дүйнөсүн, аруулатып тазартып,
Күлүп чыккан күн нуруна өбүлөт.

Акын сүйөт жүрөгүнө батырып,
Төрт мезгилге...арнап сүйүү ашыгып.
Сезимдерин ак баракка саймалап,
Кээде ачып, кээде жүрөт жашырып.

Акын сүйөт...

Ав: Сааткан Садыкбаева
"Поэзия Ордосу"көркөм адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү
22.08.2025 ж.
Сааткан Садыкбаева
23 янв
КЫЯЛДАНУУ

Арзуулардын эшигин жаап койбодум,
Аппак карда оболоду ойлорум.
Кар бүртүгүн алаканга кондуруп,
Кыялымда секелектей ойнодум.

Адыр, белес, токой ичин аралап,
Кечип карды кетким келди талаалап.
Тээ эзелки өтмүштөрүм элестеп,
Сезимдерим серпилип ыр жаратат.

Арыктагы суулар эчак соолуган,
Айыл ичи түтүн булайт морунан.
А-уу деген кош жаңырык угулат,
Коңшу кыштак, жапыз тоонун боорунан.

Ойлор бүтпөйт, ой, кырларды сабалап,
Кокту, колот, түнт токойду аралап.
Эргүүлөргө калган кезде жолугуп,
Сагынычтуу ыр саптарым жаралат.

Ав: Сааткан Садыкбаева
"Поэзия Ордосу"көркөм адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү

23.01.2026 ж.
Сааткан Садыкбаева
9 янв
ЭСКЕ ТҮШӨТ ЭЛЕСТЕР

Седеп топчу кемзелиме тагылган,
Секелек кыз...чыкпай келет жадымдан.
Сүрдүү добуш алда кайдан жаңырып,
Күн күркүрөп, жарк дээр эле чагылган.

Козу, улактар жамырашып маараган,
Кубулжутуп торгой, булбул сайраган.
Жамгыр токтоп, сур булуттар сүрүлүп,
Козу карын тегиз чыгып жайнаган.

Балалык кез барды, жокту тоготпой,
Жаман ойду жан дүйнөмө жолотпой.
Кээ бир кезде эске түшсө элестер,
Ошол күндөр азыр мага жомоктой.

Аа:Сааткан Салыкбаева
"Поэзия Ордосу"көркөм адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү
07.01.2025 ж.
Сааткан Садыкбаева
30 дек
Кышта келдим, керемтти көрүүгө,
Толкундарың суктандырып каратып.
Жан сырымды өзүң менен бөлүшүп,
Жан дүйнөңдүн аруулатып, тазартып.
Сааткан Садыкбаева
30 дек
БИР КӨЗ КАРАШ

Көздөр сүйлөйт өтмүштөрдү баяндап,
Кээде сүрдүү, кээде жалтаң аярлап.
Жан дүйнөнүн жаңырыгын билдирет,
Сүйүндүрүп, күйүндүрүп, табалап.

Бир көз караш, сезимдерди өрттөгөн,
Улуу оттой алоолонуп өчпөгөн.
Карегиме алып кеткем чөгөрүп,
Жаз болчу анда бүчүр байлап көктөгөн.

Бир көз караш,
Тепчип, тилип өткөндөй,
Теңсинбеген, текебердик көпкөндөй.
Ичиркентип калтыраткан денени,
Баштан ылдый муздак сууну төккөндөй.

Бир көз караш,
Камтып бардык сезимди,
Эске салды күүгүм тарткан кечимди.
Туңгуюктан жол табууну көздөгөн,
Жаркыраган шам чырактай сезилди.

Ав: Сааткан Садыкбаева
"Поэзия Ордосу"көркөм адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү
30.12.2025 ж.
Сааткан Садыкбаева
29 дек
Ата-мекен,
Эл, жеримдин бактысы бол ,
Бүркүт өңдүү бийик учкан,
Мырзалардын ,
Камчысы бол жаңы жыл!
Каада-салттуу, кадыр барктуу,.
Нарк, насилди ыроолоп,
Сабыр, ыйман, ырк, ынтымак жылоолоп.
Оору, сыркоо, жамандыкты кубалап,
Ак жолтой бол жаңы жыл!
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту

264

  • İvan Titov
    İvan Titov
    Antalya
  • Канышай Шаабаева
  • Altynbek Alimjanov
    Altynbek Alimjanov
    Бишкек (Пишпек, Фрунзе)
  • Рахат Мырзалиева
    Рахат Мырзалиева
  • Гүлжамал Туркманова
    Гүлжамал Туркманова
    Москва

  • Бесплатная открытка всего хорошего, от всей души, текст, цветы, корзинка
  • Бесплатная открытка лошади, снег, пожелание, новый год, пусть кони зимы, и огненная лошадь 2026 года, принесут вам счастье здоровье
  • Бесплатная открытка голубь, руки, мир, счастье, в твой дом

12

  • 3 желания EFC
    3 желания EFC
    86274 подписчика
  • Бир тыныгып алыңыз !
    Бир тыныгып алыңыз !
    34100 подписчиков
  • ЕЛИЗАБЕТ ЧЫГАРМАЛАРЫ
    ЕЛИЗАБЕТ ЧЫГАРМАЛАРЫ
    14980 подписчиков
  • Телеканал «СОЮЗ»
    Телеканал «СОЮЗ»
    2232 подписчика
  • ДАРИМ ДОБРО!
    ДАРИМ ДОБРО!
    78448 подписчиков

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.

Зарегистрироваться