СЕНИ МАГА МЕНДИК КЫЛЫП ТААНЫГАН
Кош дебечи бүгүн турам сагынып,
Көздөрүңдөн сүйсөм дагы көз канып.
Махабаттын дайрасына агылган,
Сезимдерим бүгүн сага багынып.
Өмүр жашоом тамчы суудан куралган,
Буркан шаркан толкуп ташат бир караан.
Толкунунда бирге болуу үмүтүм,
Жан дүйнөмдү жалындаткан ай аалам.
Ошол отто бир болууну самаган,
Көздөрүңдөн сүйүлөсүң кайрадан.
Өчпөс болуп түбөлүккө алоолоп,
Учкундары жылдыз болуп тараган.
Эркелесең элиргенсийм мен саган,
Кылыктансаң наздыгыңа жалынам.
Кумар беле тирүүлуктүн башаты,
Сени мага мендик кылып тааныган.
✍️ ✍️ ✍️ Шермамат Эрмекбаев.
01.08.2022-жыл.