Предыдущая публикация
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Больше информации
  • Главная
  • Видео
  • Группы
  • Люди
  • Публикации
  • Игры
  • Подарки
  • Поздравления
  • Рекомендации
  • Помощь
  • русский
Левая колонка
Фотография от шермамат эрмекбаев

шермамат эрмекбаев

Последний визит: вчера 16:14
Фотография от шермамат эрмекбаев
Фотография от шермамат эрмекбаев
Gif
Фотография от шермамат эрмекбаев
Gif
Фотография от шермамат эрмекбаев
Фотография от шермамат эрмекбаев
Фильтр
ЗаметкиУвлечения
шермамат эрмекбаев
19 янв
ЖҮРӨКТӨН КАНА СЕЗИШЕТ

Дудуктай болуп жалгашпай,
Сүйлөшпөй көздөр ымдашпай.
Аруулук ашып жүрөктөн,
Сезимдер жүрөт жол таппай.

Жымжырттык дүйнө караңгы,
Кызыгын көргөн туябы?
Кымырып карек сыр катат,
Ачылбай сүйүү барагы.

Абазы чыкпай көңүлдүн,
Ашыктык өкүм сүргөнүн.
Жүрөктөн кана сезишет,
Кан дүргүп, дене көктөмүн.

Шермамат Эрмекбаев.
19.01.2026 - жыл.
шермамат эрмекбаев
19 янв
УЗАТЫП БАРАТКАНДАЙ ӨТКӨНҮМДҮ

Аруулук эшик ачып жан дүйнөмө,
Адашып жүргөндөймүн көңүлүмдө.
Суктанам айланага көз чаптырып,
Табият тартуулаган өмүрүмө.

Көөдөндү жарып өтсө таңдын жели,
Көрбөстөй жүргөнүмдүн эсебиби?
Көк тиреп аалам кезсе ак булуттар,
Акмалап аалам кезип жүргөнүмбү?

Тагдырга салып коюп күндөрүмдү,
Ар - бир күн тирүүлүктүн өзөгүбү?
Өзгөрсө бүгүнкүдөн эртеңкиси,
Узатып бараткандай өткөнүмдү.

Шермамат Эрмекбаев.
19.01.2026 - жыл.
шермамат эрмекбаев
16 янв
АЛСЫЗДЫК

Экчелип эбин таппас көңүл карып,
Арманга миң кыялды үйүп алып.
Азабын жолуктурган өз жолунда,
Адашпай – тааныгандай өңдөн азып.

Кылчактап бүгүнкүдөн эртеңине,
Үмүттү үлөштүрүп кезегине.
Кейипкер күн кечирет түндү күткөн,
Майнабы чыкпаганга тартып жеме.

Уйку - соо улутунган түн да калып,
Өлбөстүк үрөөн чачса таңды жарып.
Үмүткө байланганы... чыгыш жакка,
Чыдамсыз ак жарыктан үмүт артып.

Дегеле пендебизби алсыз дүйнө,
Адашып кеткен болсоң кимде күнөө.
Алсыздык арабасын сүйрөгөн бар,
Илкиген – тирүүлүктүн түздүгүндө.

Шермамат Эрмекбаев.
16.01.2026 - жыл.
шермамат эрмекбаев
15 янв
ӨРТТӨНҮП ЫЙЛАП КАЛАБЫЗ

Өзгөсү калса билинбей,
Өзөктөн тартса ким демей.
Өртөнүп ыйлап калабыз,
Өлгөндүн баркын билгендей.

Тирүүлүк баасы кымбат го,
Көзгө илбей анда бар жокко.
Койчу деп коюп кол шилтеп,
Коёбуз кээде бир топко.

Каймана болуп бар кезде,
Кабарын албай керсейе.
Көрсөк да, болуп көрмөксөн,
Өтөбүз анда жөн эле.

Ооруса анан сурайбыз,
Оордугун башта туйбайбыз.
Өлбөстөй болгон бир күнү,
Табытын жерге думдайбыз.
Пенделик ушул тура деп,
Бейиштик жагын сурайбыз.

Шермамат Эрмекбаев.
15.01.2026 - жыл.
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту

1196

  • салия ходжоназарова
    салия ходжоназарова
    Екатеринбург
  • Salma Yunusova
  • Сейитбек Рысьеков
    Сейитбек Рысьеков
    Джалал-Абад (Жалалабат)
  • Айша Бейшеналиева
    Айша Бейшеналиева
  • Канышай Шаабаева

  • Бесплатная открытка ромашки, мишка, делюсь хорошим настроением, цветов вам, ветра счастливых перемен, текст
  • Бесплатная открытка ромашки, мишка, делюсь хорошим настроением, цветов вам, ветра счастливых перемен, текст
  • Бесплатная открытка ромашки, мишка, делюсь хорошим настроением, цветов вам, ветра счастливых перемен, текст

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.

Зарегистрироваться