*ТОЗОКТОН КУТУЛУУНУН ЖОЛДОРУ* (3-БӨЛҮМ)
*8. АТА-ЭНЕНИ СЫЙЛОО ЖАНА ТУУГАНДАРГА ЖАКШЫ МАМИЛЕ КЫЛУУ*
Муавия ибну Жахима, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, Жахима келип: *«Оо, Аллахтын Элчиси! Мен Аллах жолунда согушууну каалап сизден кеңеш сураганы келдим» – деп айтканда, Пайгамбар с.в.м андан: «Апаңдын көзү тирүүбү?» – деп сурады. Ал: «Ооба апам тирүү» – деп жооп берди. Ошондо Пайгамбар мындай деп айтты: «Апаңдын жанында бол. Чындыгында бейиш анын таманы астында».* (Насаи, 3104)
Аиша энебиз риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: *«Мен бейишке киргенде Куран окуп жаткан үндү уктум. Ошондо: «Бул ким?» – деп