NewTV Патруль №76.
Бул чыгарылыштан сиздерге Жалал-Абад облусунун Аксы райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн иш чара тууралуу баяндап беребиз. Айта кетчү жагдай Кербен шаарындагы рейд октябрь айынын биринчи жумалыгында өткөрүлгөн эле. Жол кыймылынын эрежелерин бузгандар айыл жергесинде көпчүлүгү жол сакчыларын тааныш-билиш дешеби же документтерин жанына салып жүрүшпөйбү, айтор айдоочулардын көпчүлүгүнүн унаалары айып төлөп токтотуучу жайга биринин артынан бири камалып жатты.