Жалал-Абад шаарынын борбордук мечити жаңыланат, ордуна 10миң орундуу мечит курулат. Мындай маалыматты бүгүн жума намазында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Имарат эки кабаттуу болуп, толук шарттары менен 2 жылда пайдаланууга берилет. Курулуш “Эл тилеги” коомдук фонду тарабынан каржыланат. Борбордук мечиттин учурдагы имараты 3миң адамга гана ылайыкташкан.