"Бул дүйнөндө адам баласы жаңылбай жашаш үчүн эң алгач азгырыктарды жеңе билиш керек. Эркек адам үчүн арак менен аялдан өткөн азгырык жок. Анан уйкунун азгырыгын дагы жеңген жакшы. Буга мисал келтирейин. Таңкы уйку кандай таттуу. Эгер, ошол эртең мененки уйкуну жеңсек, таң эрте көп иш бүтүрөсүң. Ал эми уйкуга алдырсаң көп нерседен куру каласың. Уйку, азгырыктардын бирине кирет, өзүң эле калыс бол. Уйкучу адам жалкоо болот. Демек жашоодогу жетишкендиктерден алыс калат. Мен сага эрте кел десем, сен уктап калып кеч келдиң. Мен, ишим чыгып кетип калдым. Сен мен бере турган иштен куру калдың. Демек ырыскың кемиди деп айтсак болот. Бул бир.
-Экинчи адам кекиртектен аксайт. Арак ичкен киши акылд