БАЛАНЫ КАНТИП ЭРКЕЛЕТКЕН ТУУРА?
Баланы эркелетпей чоңойтууга болбойт. Бирок ата-эне сүйүү менен эркеликтин ортосундагы көрүнбөгөн чекти билгени оң.
1. Наристеңиз төрөлүп 2 жашка чыкканга чейин "колуңа алба, эрке кылып аласың" деген сөздөрдү укпаңыз. Наристе али эркелегенге аң-сезими жете элек.
2. 2 жашка чыккандан баштап "болбойт", "жок" деп түшүндүрүү зарыл. Баланын "мен бул үйдүн падышасымын" деген түшүнүк алышы туура эмес. Үйүндө баары уруксат берилип, жок дегенди билбей калган балдар теңтуштары менен тил табышып, бакчага, мектепке көнүп кетиши оор.
3. Көп оюнчук алып бербеңиз. Бирин кармап функциясын түшүнгөнчө, экинчиси кызык көрүнөт, аны кармалаганча үчүнчүсү... Тез тажап, көңүлд