Бишкекке тойго барам деп, айылдан сүйүнүп келдим эле кызым, жумушуңдун көптүгүнөн тосуп дагы алалбадың. Беки аваңдын үйүнө жаттым. Той болду. Той бүткөндө, кабар алабы дедим эле, жумушуңдун көптүгүнөн кабар дагы алалбадың. Туугандар чайга чакырып атып, билинбей 3 күн өтүп кетиптир. Телефондон эле кабар албасаң, жумушуңдун көптүгүнөн сурап дагы келалбадың кызым. Өзүм ичпей, жебей мигрант болуп, балдарым ичсин, жесин деп, тапканымды силерге салып жүрүп, мээримсиз уул-кыздарды чоңойтконума өкүнүп отурам. Апалап жаныма келип койсоң канча кубанат элем кызым. Апалап жаныма отуруп сүйлөшүп кетсен канча сүйүнөт элем кызым. Мейли, каерде жүрсөң да аман бол! Балдарыңа жакшылап тарбия бер, мага окшоп с