САНДЫККА КАТЫЛГАН СҮЙҮҮ.
Мен чоң энемдин колунда чоңойдум. Мен төрөлгөн кезде ата-энем студент болуп, мени энеме эки айлыгымдан беришкен экен. Энем мени аябай кызганчу. Ошол кызганычынан улам апамды көрдөн алып жерге салып жамандай берчү. Өз апамды мен жашоодон артта калган, чечкинсиз, өз пикири жок адам катары көрчүмүн. Оюмда кадимкидей апамды соттоп, кайра ичимден бир боор толгоо тартып, кыскасы, ушул эки сезим менен жашадым. Бала деген бала да, ага эмне эксең ошол чыгат. Мен да энем эккен сезимдер менен чоңойдум.
– Аа, итирейген өлүгүңдү көрөйүн, ал эмнени билип коюптур...- дечү энем апамдын бир нерсени өзү билип кылып койгонун укса.
– Антпеңиз, ал аябай таланттуу мугалим. Кичине балд