17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого "Ата-Журт" партиясы катышпайт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына жазды. Атайын кызматтын жетекчиси аталган партияны анын ысымы менен байланыштырышкандыктан ушундай чечимге барганын жазган. "Мамлекеттик кызматта отуруп алып партияны бул шайлоого катыштырсам туура эмес болуп калат. Керек болсо 2026-жылкы парламенттик шайлоого дагы катыштырбаймын", — деген УКМК төрагасы. Ал эми 2021-жылы партиянын шайлоого катышкан себебин "ошол убакта ырп эткенге убакыт жок иш менен алек болуп жүрүп, шайлоого деле көңүл бурулбай, партия мүчөлөрү суранганда макул болуп койгону" менен түшүндүргөн. "Эми мындан ары "А