#Тагдырдын таймашы. 1-Бөлүм Таңдын бүдөмүк болуп агарып бараткан учуру. Негедир бүгүн күндүн көзү көрүнбөчүдөй, асманды ала булут каптап жарык нурун дале да чача элек болчу. Табийгаттын ар бир секунттасында сулуулук менен сыр камтылат эмеспи? Бул кара түн эмнелерди гана адамдардан жашырып турганын ким билсин. Ойго баткан Айымкан апа өзгөчө оор күрсүнүп алды. -Эх бул түндө канчалаган азаптуу адамдарың кирпик ирмебей чыкты экен. Түндүн кароолучусу жалгыз мен эместирмин -деп күбүрөнүп. Намаз окуп эшик алдындагы жалгыз түп карт өрүктүн далдаасында көпкө олтурду. Арыктан аккан тунук суу бир нерселерди айтып жаткан ,жаш баладай булдурайт. Кучагын жайса эки адамдыкы жетпеген өрүк мөмө да бер