#Күтүлбөгөн окуя Үйүм жок... Качан үйлүү боломун. Тапканым кара курсактан артпай барат. Жыйганым чогулбайт. Кудайым өзү оң салар. Атам раматылык аракты көп иччүү экен. Жайында жайлоодо, кышында өкмөттүн короо сарайында жашачубуз. Туруктуу орунтук үйүрөбүз болбогон. Апам бирок күчтүү эле. 3 кыз төрөп төртүнчү болуп мени төрөгөндө, атам уулдуу болдум - деп кубанып ичип, жууп жүрө берип, биротоло ичкиликке берилип кеткен- дешет. Эрте менен саат төрттөрдө туруп уйларды саап, сүттү сыр челектерге куюп, сууга коюп үстүнө таш бастырчу. Уйларды бошотуп, сайды өрдөтө айдап, кечүүдөн өткөрүп коюп келчү. Анан музоолорду ылдыйлата айдап, кайыңдуу токойдун четине жеткирчү. Кайтып ке