Жездем менен Мира эжеме🥰😘💐
Жүрөгүңүз кенен экен баарынан,
Мээримиңиз күчтүүрөөк , дейм даарыдан.
Бирде сүйүп, бирде күйүп кучактап,
Коргодуңар чагып алчуу аарыдан.
Бизге кылган жакшылыкты унутпайм,
Эстеп алып сизди дайым кучактайм.
Сизге кудай жаныңызга жар болсун,
Өмүр бою сыйынызды кубаттайм.
Жездем сизге кудай берген чоң белек,
Күндө сиздин жашооңузга дем берет.
Чанда болот жездем өңдүү адамдар,
Жүз жыл болсун, мындай адам бир келет.
Күчтүү кылган эжемго дейм, жездемди,
Күндө таптап, тамак-ашы белендүү.
Күүгүм кирсе дайым тосуп алдынан,
Күлүп чыккан жүрөгүнөн мээримдүү.
Ата- энедей мээрим көрдүк силерден,
Асылсыңар, эл сыйлаган билем мен.
Кудайымдын купулуна илинген,
Эл- журтуна ак