#ЖАРАЛУУ ЖҮРӨК 1 - БӨЛҮМ Айлананын баары көк жашыл, түскө, сары өңгө бөлөнүп турса дагы мага кызыл ала кан көрүнө берет. Ден соолугумду жабырткаткан адамды эч эле кечире албайм. Менин инвалид гана кылбастан, психология жактан дагы жабыркатты. Анда эмесе сөз башынан болсун. Кичинекей кезимде, абдан эрке кыз болуп чоңойдум. Ата энем эч нерседен кем кылган жок. Үйүбүздө күндө той, күндө майрам эле. Ата энем, Дордой базарында жаш кезинен бери эле талыкпай иштеп, өз күчтөрү менен байыган адамдар. Колунда бар кишилердин үйүнөн коноктор да үзүлбөйт. Мурда ошол сөзгө ишенчү эмесмин. Эми минтип жалгыз калганда ишенмек түгүл, өзүм басып өтүп жатам. Эмичи… ЖАЛГЫЗДЫК, БИР БУРУЧТА ЗААРА УШАТКАН ЧЕЛ