У Й К У К А Ч Т Ы -- 2
Дагы качты уйку менден,
Дагы куудум, издедим.
Таптым бирок, уйку эмес,
Таттуу күндүн издерин.
Бала элек, чала элек,
Башы али бышпаган.
Бышпады деп башыбызды,
Оюн кылып муштаган.
Тентек элек, эркек элек,
Тепкилешип ойногон.
Эртели кеч тынымы жок,
Эч оюнга тойбогон.
Жаңгак менен утушканда
Жал жал карап турушуп,
Чыдабастар кетээр эле,
Чычалашып урушуп.
Чокулашып, чокчоңдошуп,
Чоң баатырдай тирешип,
Көкүтүшүп, ким короз деп,
Күйөрмандар сүрөшүп.
Муштум түйүп, мурчуюшуп,
Мурун такап марашып.
Күчтүү короз меники деп,
Күйөрмандар талашып.
Бир заматта кол алышып,
Биригишип дос болуп,
Күрпөндөшүү токтоор эле,
Күлкү менен коштолуп.
Чуркап үйгө курсак ачса,
Чыгаар эле