Көптөн бери ыр жазалбай калдым эле, бирөөнүн суранычы менен жазылып калды.
ТОЙДОГУ ЖОЛУГУШУУ
Нур жүзүң арбап алып мени өзүңө,
Жалтанып карай албай же көзүңө.
Ичимде туйлап жатты жылуу сезим,
Жашоомо үмүт берди өзгөрүүгө.
Бекемдеп мамилени курай албай,
Өзүңдөн же номериң сурай албай.
Сыртымдан күлүп карап турган менен,
Ичимден араң турдум чыдай албай.
Сен менен колум барбай коштошууга,
Өзүмдү уруп жаттым чокко- сууга.
Коштошуп кетээр кезде капысынан,
Жүрөгүм окшоп жатты токточууга.
Сулуу кыз, сага айтаар кебим ушул,
Сени деп күйүп жатат жүрөк кургур.
Бар дүйнөм сени гана самап турат,
Болсо да жаны гана жолугушуу...
Автор Камчыбеков Азиз.