Өмүр жөнүндө ой толгоо
Өткөн күндү карап көрсөк аз гана,
Жылдар жылып жыл кошулду жашыма.
Улам кемип,улам барат бөксөрүп,
Өмүр аттуу өтө кымбат казына....
Өткөн күнгө күбө болдук өзүбүз,
Ал күндөрдө биздин болбойт өчүбүз.
Ашык тапсак бул өмүрдө кубанып,
Ага удаалаш жүрөт экен өкүнүч .
Бул турмуштан туура сабак алдыкпы,
Туура толуп,жансак туура жандыкпы.
Көңүлүбүз көп нерсеге ирээнжип,
Бул турмушка жөн жай карап калдыкпы?
Билек түрүп бар кезинде күчүбүз,
Биздин милдет бала чака өстүрүш.
Жакшы жашап ушул жалган дүйнөдө,
Жарык бойдон өтсө болду жүзүбүз..
Жакшы жашап ушул жалган дүйнөдө,
Жарык бойдон өтсө экен жүзүбүз.
М.Аликеев.