Автор: Ыкынова Гулистан.
КАЙРЫЛУУ
Уят ай, намысыбыз кайда калды?
Мекенди кара өзгөйлөр жайлап алды.
Кошулсак башка өлкөгө оңолот деп,
маңкурттар келечекти бычып салды.
Ушундай акыбалдан алып чыкчу
арада бир азамат инсан барбы?
Алтайга кеткен бир тобу,
Каңгайда калган бар-жогу
Эренге кеткен ар жагы,
Тереңге түшкөн калганы
Ушунча жанды сактаган
Манастын урсун арбагы!
Ойротто калат элим деп,
Эл камын жеген безилдеп
Дөөлөстүн урсун арбагы
Бүгүнкү саткын кулдарды
Ой тоону турган келжиреп.
Кашкарда жатып туткунда,
беш жыл соң келген журтуна.
Өмүрүн арнап Тагай бий,
сактоого элин жулкунса,
кошомун жерди өзгөгө деп,
Маңкурттун ою бул тура.
Элим деп, элин ойлонуп
Балдары калган жоктолуп
Эркиндик