~ Калем ыргактарынан бир үзүм ~
Толкусам, торум сенсиз тоңуп барам,
Тоолтура сезимдерди торуп барам.
Таамайсыз- татаал күндөр эске келсе,
Топ жыйын оору менен ооруп барам.
Жыл дебе айга жетпес сезилемин,
Желмогуз, каякта эле эсим менин?
Жароокер курдашымдан алыс калсам,
Эх кыйын! эх кыйынго! чыгат демим.
Жок бирок, баары туура, баары чындык,
Бакытка эч тайсалба оюң кырчып.
Баарысын унуткарып коёт элем,
Бар сезим кетпесе эле оё чымчып.