Көңүлгө толгон асылым сендей адамды,
Ааламды кезип издесем деги табамбы.
Жүрөктөн сүйдүм, а бирок калдым четтелип,
Сезсеңчи жаным мендеги азыр абалды.
Өзүмдү өзүм алдаймын баары өтөт деп,
Өзөктө жанган өкүнүч дагы өчөт деп.
Ар түнү уктайм түш болуп өтүп кетчүдөй,
А бирок таңда ойгоном ыза өзөк жеп.
Байкабай басып жаңылдым туура кадамдан,
Өзгөчө сүйдүм негедир баардык адамдан.
Жашоомдун шаңын, ал гана эмес арманын,
Сапырып баарын жоготтуң кайда санаамдан.
Ав: А. А. 2020.