Кырыгздар Ала-Тоо аймагында жашап турган убакта, б.з.ч. VIII к. араб баскынчылары ислам динин жайылтып жүргөн учурда кыргыздар урууларга ажырай башташат. Оболу эки урууга ажырайт. Кызыл уул жана Отуз уул. Араб баскынчылары ушул эки урууга дербиштерди ислам динин жайылтуу үчүн жөнөтүшөт. Кызыл уулдун балдары дербиштердин үгүт- насаатына көнүшүп, ислам динине кирет, б.а. кабыл алышат.Ошондон улам аларды «ислам дининин ичине кирип кетишти» деп айтышып, «кызыл уул ичкиликтер» деп аташат. Ал эми ислам динине толук кирбей, аны сыртан нокосыя кабыл алышкан Отуз уул балдарын «сырткылык» деп аташат. Дербиштер ушинтип аташкан. Мында белгилей кетүүчү нерсе – Кызыл уулдун балдары ислам динине киришкенде