КОНОК ӨЗ ЫРЫСКЫСЫ МЕНЕН КЕЛЕТ! ⠀ Конок тосконду жакшы көргөн бир сахаба бар эле. Бирок анын аялы бираз бекемирээк болгондуктан: ⠀ - Күнүгө бир канча мейман ээрчитип келесиң, алар балдарыбыздын ырыскысын жеп жатышкансыйт,- деп нараазы болот. Күйөөсү бул кобуранганын капарына да албай, үйүнө конок ээрчитип келгенин уланта берет. Сахабанын аялы акыры чыдай албай Алланын Элчисине (САВ) барып арызданат. ⠀ - Оо Пайгамбарым! Эрим күн сайын үйгө конок алып келет. Анын тапкан-ташыганы бүтүндөй конок тосконго кетип жатат. Эгер бир күнү ал ооруп калса ачка калып, мерт болобуз го деп корком,- дейт. Пайгамбарыбыз (с.а.в) анын күйөөсүн чакыртып бул тууралуу сурайт. Сахаба: ⠀ - Мен конок сыйлабай коё албай