Кетпегиле... кетпегиле деп жалындым. Алар кетип калышты. Ошол күндөн тарта жүрөгүмдүн жаны жок жашап жүрөм"- деп сөз баштады каарманыбыз. Анда кеп башынан болсун. -Мен үй-бүлөдө жалгыз кыз болчум. Ата-энем менен абдан бактылуу жашаар элек. Мен 6 жашка чыгып, атам мектепке алып барган күндү өзгөчө көп эстеймин. Анан дайым кулагыма “Мен сени жакшы көрөм. Сен менин жүрөгүмсүн!”-деп шыбырачу. Күн сайын ушул сөздү угаар элем. Апам бала бакчада, атам мектепте иштечү. Кечинде мени эркелетишип, сабак окутушаар эле. Мен да мектепте абдан жакшы окудум. Жылдар өтүп, мектепти аяктадым. Бирок, мага шерик бир тууган болуусун каалаганым менен апамдын ден соолугуна төрөө зыян экенин врачтар