Тил (аңгеме)
Он жашка чыккан Эмилбек апасынын жалгызы. Үйдүн эркеси. Энеси анын көзүнүн агы менен тең айланат. Дайыма эркелетип, айтканын эки кылбайт. Жегени астында, жебегени артында. Талтаӊдап керели кечке шоктук кылып жүргөнү жүргөн. Көчөдөгү өзү курду балдарга эзели тынчтык бербейт. Бирөөсүнүн оюнчугун алып качса, экинчисине үстөмдүк кылуу үчүн таш менен урат. Иши кылса, Эмилбек эрезеге жетпей жатып чырдуу бала атка конгон. Кокус,бирөө жарым андан өйдөрөөк келип, мойнун толгоп койгон болсо болду, кудай берип, өңгүрөп ыйлап,көчөнү башына кийип алат. Жалгызынын көз жашын көлдөткөнүнө апасы карап турабы. Баягы адатынча бабалактап, урушкан баланы да, аныната-энесин да жерден алып, көргө че