✍🏼 Элмирбек Иманалиев, Асанкалый Керимбаевтин «Сулууга» аттуу ырынын жаралыш тарыхы тууралуу:
«Мен Асанкалый агайдын өмүрүнүн акыркы үч-төрт жылында дайыма бирге жүрдүм. Ошондо мен кайсыл обонун качан чыгарганы, кимге арналганы тарыхы жөнүндө куштарлана терип-тепчип сурай берет элем.
Агайдын акын Алыкул Осмоновдун сөзүнө чыгарган укмуштай обонун кандайча чыгарганы жөнүндө шашпай айтып берген эле.
Мончодобуз. “Биринчи келинчегим менен жашачумун. Эмнегедир ал “чогуу жашай албайбыз го, ажырашылы” деп калды. Артисттердин турмушун өзүң жакшы билесиң. Гастролго чыкканда талаада ойдо-түстө болосуң, каалаган жерге коносуң. Бирөөлөргө жолугасың, аны менен сүйлөшөсүң. Көпкө кармаласың. Кезектеги