АЯГЫ БҮТПӨС ОЙЛОР
Көңүлдү ойлор чырмап нечендеген,
Турмушту бурат тура себеп деген.
Көөдөндө сөзсүз өксүк болот тура,
Канчалык бактылуумун деген менен.
Өмүрдө өз жолуңду тапкан менен,
Сырыңды жашырбастан айткан менен.
Жан дүйнөң ичтен сызып ыйлайт тура,
Сыртыңдан сыр билгизбей жаткан менен.
Бакыттын кушу колго конгон менен,
Дүнүйөң түгөл тегиз болгон менен.
Бир тарабың эңшерилип калат тура,
Бир тарабың бакытка толгон менен.
Сезимдер дайра сымал аккан менен,
Сүйүү отун, жалындатып жаккан менен.
Жүрөктө сөзсүз арман болот тура,
Турмушта өз ордуңду тапкан менен.
Баары бир караңгылык курчайт экен,
Агарып керемет таң аткан менен.
Жаратман: Жыргалбек Усенов. 26.01.2025.
05:14 Москва.