Орозодо туура тамактануу.
Орозо кармоо – дене үчүн оңой эмес сыноо, эгер организм буга даяр эмес болсо. Андыктан туура азыктануу менен денени чыңдоо керек. Орозодо ден соолукту сактоо үчүн төмөндөгү кеңештерди пайдаланыңыз:
Суу ичиңиз:
Ооз ачык убакта сууну көп ичкенге аракет кылыңыз. Орозо учурунда организмге суу жетишсиз болсо, мунун натыйжасы баш оору, чарчоо, баш айланууга алып келет. Негизи адам бир суткада орто эсеп менен 2 литр суусундук ичүүсү керек, бул норманы ооз бекиткенге чейин толтуруңуз.
Туура тамактаныңыз:
Ооз ачкандан кийин пайдалуу азыктар менен тамактаныңыз, тагыраак айтканда нан, дан азыктары, сүт азыктары, балык, эт, жашылчалар жана мөмө-жемиштерди кабыл алуу керек