📖 Китеп: "Кайра жаралуу" Чыныгы окуянын негизинде.
---
Кириш сөз
Бул чыгарма – бир гана аялдын тагдыры эмес, бул бүтүндөй коомдогу миңдеген энелердин, келиндердин, адамгерчилик менен жашап, бирок кайгыга баткан жүрөктөрдүн үнү. Айгеримдин тагдыры – оор, бирок ошол эле учурда жарыкка умтулган күчтүү аялдын жолу.
---
1-Бөлүм: Эркелик менен башталган балалык
Айгерим — үй-бүлөдө жалгыз кыз. Беш эркектин арасында өсүп, эркеликтин, мээримдин, камкордуктун төрүндө чоңойгон. Атасы аны "гүлүм" дечү. Апасы ар күнү чачын өрүп берип, эркелетип узатчу. Агалары болсо ар дайым коргоого даяр турган калкан сыяктуу болчу.
Үйүндө күлкү бар эле. Кечинде дасторкондо жыйылып, үй-бүлөлүк жылуу сөздөр мен