Бишкек шаарынын мыкты мугалимдери жана мыкты тарбиячылары аныкталды(фамилиялар, фото)
Баракелде, Бишкек 03.10.2016 09:42 илим билим
Turmush - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Мугалимдер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү, деп билдирди Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.
Калаа башчысы Албек Ибраимов мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
«Мугалимдик кесип эң ардактуу, эң сыймыктуу кесип. Анткени сиздер келечек муундарын даярдап, аларга татыктуу билим жана тарбия берип, шаарыбыздын, өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салым кошуп жатасыздар. Өлкөнүн келечеги Сиздердин ишиңиздерден көз каранды»,-деди мэр.
Андан кийин жалпы билим берүү жана мектепке чейинки били