Баткен облусу, Баткен районунун Жаңы-Жер айылын тургуну, Көк-Ташта Тажик элинин кол салуусунда, ок тийип каза болгон 1990-жылы туулган маркум Тажибаев Мөөланбектин элесине арналат!
"Элесиң жашайт кылымга!"
Кан күйгөн кандуу согуштан,
Жоокерлер элди корушкан.
Эл үчүн жаным берем деп,
Баатырың кетти кокустан.
Кыргыздын жерин бербейм деп,
Кылымдар бою жергем деп.
Тепсетпейм кыргыз жергесин,
Теңирим ага күбө деп.
Теңдешкис өмүр сунушту,
Терең бир ойлуу Мөөланбек!
Артында калып балдары,
Жесир бир калды аялы.
Күйүттө калып атасы,
Ыйлады жалгыз апасы.
Мекеним менин жерим деп,
Кыргыздын кетти баласы!
Жоктоп бир турат өз элиң,
Кылымга калат эмгегиң.
Тынчтыгын алып келдиңер,
Баткен жери, элиңд