Бир күнү мага өзгөчө кат келди. Окуп ойго баттым, жашымды тыялбадым. Кат ээсинин өтүнүчү менен иштеп чыгып жарыялоону туура көрдүм.
"Саламатсызбы, сиз менен сырдашып өзүмдү жеңилдетпесем, батпай турам. Макул десеңиз, айтайын да жеңилдейин".
- Саламатчылык. Макул сырдашалы.
-Сизге түшүнүктүү болуш үчүн башынан жазайын ээ.
-Макул.
"Биздин үй алыскы райондордун биринде, чоң айылда жайгашкан. Чоң айыл, чоң үй - бүлө дегендей, биздин үй-бүлө да ошол чоң үй- бүлөнүн бир бутагы. Чоң ата, чоң эне, чоң коргон баары менен биз бактылуу элек. Чоң атам көп балалуу, уулдарынын баарын үйлөп-жайлап, кыздарын берип тындырышкан. Менин атам уулдун экинчиси. Баарын бөлсө да ,бизди негедир бөлгөн жок. Апа