Предыдущая публикация
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Больше информации
  • Главная
  • Видео
  • Группы
  • Люди
  • Публикации
  • Игры
  • Подарки
  • Поздравления
  • Рекомендации
  • Помощь
  • русский
Левая колонка
Фотография от Nurdoolot Temirbekov

Nurdoolot Temirbekov

Последний визит: 03:20
Фотография от Nurdoolot Temirbekov
Фотография от Nurdoolot Temirbekov
Фотография от Nurdoolot Temirbekov
Фотография от Nurdoolot Temirbekov
Фотография от Nurdoolot Temirbekov
Фильтр
ЗаметкиУвлечения
Nurdoolot Temirbekov
10 янв
Москвада түн эч качан толук тынч болбойт. Терезенин сыртында жарык көп, бирок ошол жарыктын бирөөсү да жүрөгүмө кирбейт. Кээде өзүмдөн өзүм корком: кантип ушунча элдин ичинде жүрүп, ааламга жап-жалгыз болуп калдым?

Бул шаар мени акырын, байкатпай сындырып барат. Көр кылып жан дүйнөмдүн күчүн алды. Турмуш коркутуп, жүрөктүн үшүн алды. Күндүз күлүп иштейм, түнкүсүн ичимден ыйлайм. Жалгыздыкты бул жерде эч ким көрбөйт, анткени ар ким өзү менен өзү алек. Менчелик жалгыздыкты ким түшүнө алат.

Кээде жалгыздык үнсүз келип, көкүрөгүмө отуруп алат. Сөз айттырбайт, ыйлатпайт да — жөн гана жанды кысып, дем алдырбай коёт. Ошол учурда куу турмуш көңүлгө бүлүк салып, кайгыны кат-каттап үйүп салгандай
Nurdoolot Temirbekov
10 янв
Москва. Таң эрте. Шаар ойгоно электе эле мен ойгоном. Терезенин сыртында бөтөн асман, бөтөн көчө, бөтөн адамдар. Бул жерде баары бардай сезилет, бирок жан дүйнөмө жетпеген бир нерсе дайыма кошо жүрөт — ал Ата-Мекенге болгон сагыныч.

Кээде эл көп метродо баратып, көзүмдү жумам да, өз айылымды элестетем. Эртең мененки салкын аба, короодогу кудук, апамдын чайга чакырган үнү. Ошол жөнөкөй көрүнүштөр бул жактагы эң бийик үйлөрдөн да кымбат экенин Москвада жүрүп түшүндүм.

Бул шаарда эмгек оор. Колдор чарчайт, жүрөк андан да катуу чарчайт. Кээде түн ортосунда үн-сөзсүз жаш агат. Сенсиздиктен жүрөк жашын төккөндө, үмүтүмдүн күчү менен арчыйм. «Баары убактылуу» деп өзүмдү сооротом. Анткени бул
Nurdoolot Temirbekov
8 янв
Урматтуу окурман,
мен Жараткан Аллах Тааланын ак жолунда, адилет жолунда жүрүүгө аракет кылган, Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ көрсөткөн жолду жолдоп келаткан пенде катары айткым келет.

Ислам — бул ойлоп табылган система эмес. Бул — Куран менен бекитилген, пайгамбарлар аркылуу жеткен, кылымдардан бери өзгөрбөй келген чындык. Куранда 114 сүрө, миңдеген аят бар. Ар бир аят — адамга багыт, ар бир сүрө — жоопкерчилик. Ал Куран бирөөнү бөлүү үчүн эмес, бириктирүү үчүн түшкөн.

Жараткан Аллах адамзатка пайгамбарларды жиберген. Алардын максаты бир эле болгон: адамды туура жолго салуу, адилеттикке чакыруу, зулумду токтотуу. Ошол пайгамбарлардын акыркысы — Мухаммад ﷺ. Анын жолу — зомбулук эмес, ади
Nurdoolot Temirbekov
8 янв
1960-жылдар. Кыргызстанда дин үнсүз болчу. Мечиттер аз, диний билим чектелүү, ишеним жүрөктө гана сакталчу. Ошол учурда да Ислам элдин аң-сезиминде ыйыктык катары жашачу. Анткени ал саясатка аралашкан эмес, бизнеске айланган эмес, агымдарга бөлүнгөн эмес. Бүгүн 2026-жыл. Суроо туулат: ушул аралыкта биз Исламды күчөттүкпү же алсыраттыкпы?

Бүгүнкү күндө коомдо Ислам динин даават кылуу, үгүт жүргүзүү көбөйдү. Бирок саны көбөйгөн сайын сапаты төмөндөп кеткенсип. Куран колго алынды, бирок мааниси жүрөккө жетпей калды. Ар ким өзүнө ылайык аят чечмелеп, өз максатына жараша сүйлөп калды. Уюмдар көбөйдү, иш-чаралар арбып кетти, бирок элдин аң-сезими бир нукка түшкөн жок. Тескерисинче, эл үчкө,
Nurdoolot Temirbekov
8 янв
Исламды ким жоготту: агымдарбы же аң-сезимби?

Бүгүнкү күндө Кыргызстан коомунда Ислам дини тууралуу көп айтылат, көп үгүт жүргүзүлөт, көп иш-чаралар өтөт. Бирок суроо башка: Исламдын кадыры арттыбы же кемидиби? 1960-жылдардан бери тарыхка сереп салсак, бүгүн 2026-жылга келип, Ислам дини элдин жүрөгүнө толук кандуу сиңип, өз ордун таап кетти деп айтуу кыйын.

Кыргыз эли — ишенчек эл. «Куранда ушундай айтылат» десе, көпчүлүк текшербестен ээрчип кетет. Агылма эл агат, ээрчиме эл ээрчийт. Натыйжада коом бир эмес, үч-төрт, беш агымга бөлүндү. Ар ким Куранды жамынып алып, оозуна келгенин сүйлөй баштады. Бир Куран — бирок чечмелөө ар башка. Максат ар башка. Натыйжа — бөлүнүү.

Ислам ш
Nurdoolot Temirbekov
7 янв
Биз бүгүн капиталисттик коомдо жашап жатабыз. Бул коомдо негизги эрежени эч ким жашырбайт:
акча жана пайда – биринчи орунда.
Ал эми теңчилик менен адилеттик – кошумча шарт катары гана каралат. Бул өзүнчө эле оюн, бирок бул оюнда да эрежелер кимге пайдалуу болсо, ошого ылайык жазылган.

Шахмат – капиталисттик система

Капитализм шахматка окшойт.
Бул жерде фигуралар тең эмес:
— бирөө король,
— бирөө ферзь,
— ал эми көпчүлүк – пешка.

Табигый ресурстар да шахматтагы фигурадай: алтын, көмүр, суу, жер – баары стратегиялык объект. Ким бул фигураларды көзөмөлдөсө, ошол утат. Эл болсо көп учурда пешка болуп, ресурстардан пайда көрбөй, курмандыкка чабылат. Коррупция да ушул шахматтын ичинде жар
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту

93

  • АСУ Абылгазиева
    АСУ Абылгазиева
    Ош
  • сонун 🌹🌹🌹
    сонун 🌹🌹🌹
  • Жазгуль Жанали кызы
    Жазгуль Жанали кызы
    Ош
  • ™ 𝓓 𝓞 𝓒 𝓗 𝓛 𝓤 𝓝 𝓨 ™✓
    ™ 𝓓 𝓞 𝓒 𝓗 𝓛 𝓤 𝓝 𝓨 ™✓
    д. Москва (Верхошижемский район)
  • Малика Мва
    Джалал-Абад (Жалалабат)

  • Бесплатная открытка

9

  • Sputnik Кыргызстан — күндүн жаңылыктары
    Sputnik Кыргызстан — күндүн жаңылыктары
    19820 подписчиков
  • Журоктогу Сырлар!!!
    Журоктогу Сырлар!!!
    20224 подписчика
  • МЕН СЕНИ СҮЙӨМ
    МЕН СЕНИ СҮЙӨМ
    11910 подписчиков
  • Акындар
    Акындар
    94 подписчика
  • "Жаңы Толкун" (жаш акындар) адабий клубу
    "Жаңы Толкун" (жаш акындар) адабий клубу
    656 подписчиков

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.

Зарегистрироваться