*************************
Терскен тээп теке оттоп биз жактан,
Тээ чокуда карга оронуп нур жаткан.
Биз да ошондо канат күүлөп булутка,
Мейкиндикке учкан элек Мургаптан.
Анан узап узак-узак булуттай,
Анда ал тарап аппак була булуттар.
Каалгып кайда ?кайда калдык ?ким билет,
Биз мезгилди, мезгил бизди унуткан.
Кайберендер мекен үйүн түнөктөп,
Кайсы бир биз? кайып кеткен түнөктөн.
Булут ээрчип каалгый учкан бир элес,
Түстүү түссүз биз тартылган сүрөттөр .
Булут ээрчип каалгый учкан бир элес,
Биз бар, биз жок, тоо тартылган сүрөттөр!!!
Бердибаев Өскөнбай.