Предыдущая публикация
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Больше информации
  • Главная
  • Увлечения
  • Видео
  • Группы
  • Люди
  • Публикации
  • Игры
  • Подарки
  • Поздравления
  • Помощь
  • русский
Левая колонка
Обложка профиля
Фотография от Алым Маликеев
Gif

Алым Маликеев

Сейчас на сайте
Фотография от Алым Маликеев
Фотография от Алым Маликеев
Фотография от Алым Маликеев
Фотография от Алым Маликеев
Фотография от Алым Маликеев
Фильтр
ЗаметкиУвлечения
Алым Маликеев
11 янв
БИЛБЕПМИН.

Күүлөп алдың сезимимди толготуп,
Күкүгүм ай, жүрөгүмдү ойготуп...
Алганыңды алдын ала билбепмин,
Кыйнабасмын сени көпкө ойнотуп...

Кыйбасым ай, мен деп согот жүрөгүң,
Кылыгыңдан кетүү мага бир өлүм.
Экендигин кечирип кой кеч билдим,
Өзүңдөйдү көпкө таппай жүдөдүм.

Карегиңден көрүп турам жалынды,
Карегим ай, чоң сүйүүгө кабылды...
Аалам кезип эңсеп жүргөн бакытым,
Айланамдан алыс эмес табылды...

Калган экен сезимибиз үтүрдөй,
Уланууда экөөбүзгө күтүлбөй...
Чынын да эле болуп алчы ашыгым,
Калган өмүрүм  арнайынчы бүтүндөй.

Автору: Алым Маликеев.
Алым Маликеев
29 окт
ӨЗҮМДӨН КЫЗГАНАМЫН.

Көргөндө көзүм тойбой,
Көркүңө суктанамын.
Башкага көңүл толбой,
Жанымдан чыкпа жаным.
Айталбайм бир өзүңө,
Жүрөктүн сыздаганын.
Таң калам мүнөзүмө,
Өзүмдөн кызганамын.

Ар дайым сени көрүп,
Аябай кубанамын.
Күлкүмдүн теңин бөлүп,
Күчтөнөм кураламын.
Көтөрүп көңүлүңдү,
Көп ырлар чыгарамын.
Тапшырдым өмүрүмдү ,
Таарынтпа суранарым.

Жүзүңдөн өпкөнмүн мен ,
Жүрөгүм төп келишкен.
Жазымдын көктөмү сен.
Жарыгым өх.. периштем.
Сыйкыры бул сүйүүнүн,
Сырларын ачалбадым.
Бари бир туң сүйүүмсүң,
Бактымды татам жаным.

Автору: Алым Маликеев.
Алым Маликеев
28 окт
МЕН САГА БАРАТАМЫН.

Унутуп баратканмын,
Бактымдын таң атканын.
Өзүңсүз жаап жүрдүм,
Өмүрдүн барактарын.
Сүйүүмө кумар күчөп,
Сүртүмүн таратканмын.
Жашоодо бактым үчүн,
Мен сага баратамын...

Жазайын санаттарын,
Бүгүлгөн канаттарын.
Эсимден такыр өчпөй.
Эзилди жараттарым.
Токтотом мүмкүн элдин,
Күмөндүү карашканын.
Мазмундуу жашоо үчүн,
Мен сага баратамын...

Автору: Алым Маликеев.
  • Алым Маликеев
    27 окт
    ПЕРИШТЕМСИҢ.

    Сен жака умтуламын,
    Сезимге буркурадың
    Бир көрүү бакыт мага,
    Башкача кулпурасың.

    Көздөрдүн назарынан,
    Көңүлдүн казалынан.
    Кызганып коем сени,
    Сүйүүңдүн азабынан.

    Өзгөчө келишкенсиң,
    Өмүрдө периштемсиң.
    Белегим жараткандын,
    Өзүңө кезиккем чын.

    Бактыңа багынамын,
    Буркурап агыламын.
    Ичимден күйүп жанып,
    Билдирбей сагынамын.

    Сезимди танасыңбы,
    Сөзүмдү чанасыңбы.
    Карегиң айтып турат,
    Мен сага жагамынбы.

    Тагдырдан табылганым,
    Так сага кабылганмын.
    Тазасы жүрөгүңдүн
    Таң берип кагыламын.

    Автору: Алым Маликеев.
    Алым Маликеев
    27 окт
    ЖҮРӨГҮМДӨН ӨЧҮРБӨЙМ.

    Мен сүйүүдөн чындап эле адашкам,
    Турса дагы көзүм жетип баарына.
    Ал күч таппай койдум сезим тараптан,
    Калбайын деп калгам адам каарына.

    Убактылуу болсо дагы сүйүүбүз,
    Ошол сүйүү эң бактылуу кыла алган.
    Бир бөлмөдө шаңдуу чыкчу үнүбүз,
    Ой тилектер бирдей болуп чыңалган.

    Андан бери канча мезгил өтсө да,
    Ал сүйүүмдү урматтадым өкүнбөйм.
    Жыл алмашып мезгилдерге көчсөда,
    Жашай берсин жүрөгүмдөн өчүрбөйм.

    Мезгилдерге ээрчип мен да улгайдым,
    Башка жанды жактырбадым сенчелик.
    Кайыл болгом жазганына маңдайдын,
    Калсам дагы жалгыздыкка теңшелип.

    Улам - улам сен тараптан сагыныч,
    Келген катты, окуп алып кубанам...
    Болсо сенде, менде жоктур таарыныч,
    Амандыгың тилеп күндө сурана

    Алым Маликеев
    отмечен в заметке

    587483763983

    Алым Маликеев

    23 авг 2025

    Тизмегинен үмүттөрүм чачырап,

    ...
    Тизмегинен үмүттөрүм чачырап, - 988899054863
    Тизмегинен үмүттөрүм чачырап, - 988899054607
    • Класс
    На этом пока всё
    Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту

    1561

    • Ji M
      Ji M
      Бишкек (Пишпек, Фрунзе)
    • KG ХАНЫША
      KG ХАНЫША
      Кызыл-Кыя (Кызыл-Кия)
    • Нур Т К
      Нур Т К
      Москва
    • Nazigul Tolembaeva
    • БАХА ТАШ Толгочу (ГАДАЛЬШИК вашего судбы)
      БАХА ТАШ Толгочу (ГАДАЛЬШИК вашего судбы)
      Баткен

    • Бесплатная открытка снеговик, снег, текст, а время знай себе идет, еще чуть-чуть февраль придет
    • Бесплатная открытка сердце, чашка, кофе, доброе утро, хорошего дня, текст
    • Бесплатная открытка а счастье, так просто, тепло и улыбка, текст, розы, букет, корзинка

    6

    • Жакшы группа
      Жакшы группа
      83123 подписчика
    • savascifox
      savascifox
      13166 подписчиков
    • Ырларым-менин сырларым...
      Ырларым-менин сырларым...
      1310 подписчиков
    • Миң бир түн
      Миң бир түн
      19869 подписчиков

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.

    Зарегистрироваться