Айрым кыздар сулуулануу менен ыймандуу эркекти өзүнө тартам деп ойлошот. Анын көңүлүн буруу үчүн канчалаган убакыт жана акча коротушат. Бирок чыныгы ыймандуу эркек жасалма сулуулукка эмес, кыздын ички сулуулугуна жана ыйманына кызыгат. Ал көчөгө сулууланган кыздарды карабайт, көңүл да бурбайт.