Чапкылдыктар жана чапкынчылар жөнүндө
Автор: Акматали Ормошов
Акматали Ормошов
Чапкылдыктар жана чапкынчылар жөнүндө
Адам баласы пайда болгондон баштап көптөгөн доорлор алмашты, миңдеген жылдар өттү, бир адамдын Адам ата менен Обо эненин балдары, миңдеген элдерге, урууларга бөлүнүшүп, миңдеген тилдерде сүйлөшүп, ак, кара, сары түстөргө бөлүнүшүп, негизги 4 динди жана көптөгөн диндерди кармашып, түрдүү идеяларды, көз караштарды тутунушуп, бир эле планетанын жердин 6 аймагында, ар түрдүү географиялык өзгөчөлүктөрдө, мээ кайнаткан ысыкта, кычыраган суукта, мээлүүн кыш болбогон климатта жашап, күн өткөрүшүп жатышат. Канча элдер, улуттар, мамлекеттер житип жоголду. Бирок кыргыз тарыхтан өз орду