Бишкекте «Топоз, УАЗ жана Биз» аттуу китептин бет ачары болот. Чыгарма кинорежиссер Жаңыл Жусупжандын чейрек кылымга жакын убакыт ичинде кыргыздардын алыскы аймактардагы жашоо-турмушун изилдеп, экспедициялар учурунда топтолгон даректүү материалдардын алгачкы жыйнагы. Китеп «Бугу» басмасынын колдоосу менен жарык көрүп, бет ачарын «Эсимде» маданий аянтчасы уюштурууда. Иш-чаранын программасында памирлик төкмө акындардын аткаруусу, Жаңыл Жусупжандын фотокөргөзмөсү, ошондой эле Саид Рахмандын «Памир элестери» аттуу сайма көргөзмөсү өтөт. Ошондой эле коноктор автордун кол тамгасы коюлган китепти алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бет ачар 21-январда саат 14:00дөн 18:00гө чейин Юнусалиев көчөсү, 8