Эрдоган НАТОго мүчө мамлекеттерден террорго каршы күрөшүүнү талап кылды Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Литвада өткөн НАТОго мүчө мамлекеттердин лидерлери саммитинен кийин уюштурулган маалымат жыйынында билдирүү берди. Ал билдирүүсүндө “Террор” темасында сөз кылып, НАТОнун курамындагы союздаштардан террорго каршы күрөшүүнү талап кылды. О.э. ал НАТОнун курамындагы айрым мамлекеттердин Түркия назарында ашынган террорчу уюмдардан болуп эсептелген PKK (Курдистан Жумушчулар Партиясы) жана анын Сириядагы канаты YPG (Сирия демократиялык күчтөрү) менен мамилесин сынга алды. Эрдоган: “Биримдик – бул биз эле эмес, бардык союздаштар тарабынан өздөштүрүлүшү керек болгон принцип. Айрым союздашт