КЕЧИЛДИН ОТУЗ СУРООСУ.
Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) бул дүйнөдөн өтүп, Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун) калыйпа болуп турган заман. Бир күнү Шам өлкөсүнөн христиан динине кызмат кылган кечилдердин башчысы миң жолдошун ээрчитип келип калат. Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун) бешим намазын окуп бүтүп, адамдарга Пайгамбардын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) хадистеринен айтып олтурган. Кечилдер мечит алдына келишип, катар-катар туруп калышты. Анан алардын жол башчысы Абу Бакирге (Алла андан ыраазы болсун) карап: - Сага салам болсун, оо, Мухаммаддын калыйпасы, - деп салам айтты. - Туура жолго түшүп, Улуу затка баш ийип, чыныгы пайгамбарды ээрчигендерге салам болсун