Апам, атам тирилип келип калса,
Бир коргондо мени тааный алышабы?
Же киичине саксайган кызды издеп,
Карабастан нары кетип калышабы.
Эгер мени тааныбай кетсенер да,
Озум таанып артынардан бараар элем.
Кусаланып куткон кызын мына мен деп,
Бекем бекем кучактап алаар элем.
Чындап эле тирилип келип калса,
Кубанычтан журогум жарылбастыр.
Канчалык коп кучактап турсам дагы,
Кусалыктан жан дуйном арылбастыр.
Эгер апам тирилип келип калса,
Ошондогу жаш бойдон болсо керек.
Эне болуп калганымды коруп алып,
Кубанып да,тан калып койсо керек.
А атакем тирилип келип калса,
Куйоо бала, келиндерин корот беле.
Каралдым,кагылайын балдарым деп,
Кучактап бетибизден обот беле.
Тайэне,тайата болуп балдарыма,