Жандар жүрөт
Мерген мезгил демди салып дубалап,
,,Мен"- дегендин баары болду сугалак.
Майданында саясаттын кармашуу,
Мурункусу -кийинкисин кубалап.
Маселени кабыргадан койбогон,
Мансап десе, мар жыланча сойлогон.
Малып майга кашыктарын карачы,
Манчыркаган жандар жүрөт тойбогон.
Мүдүрүлүп түз жолунан аксаган,
Мен эгем деп, керек болсо ташка дан.
Моюнунан интернетке байланып,
Муун жүрөт китеп бетин ачпаган.
Минут сайын миң бир шумдук ойлогон,
Миң кубулуп, миң бир дүйнө бойлогон.
Миф уламыш, болбогон бир жомок деп,
Маңкурт жүрөт ,,Манас"менен ойногон.
Муздун сезсе муздактыгын ар жүрөк,
Мээнеттенмек алдын ала кар күрөп...
Маани бербес маанилүүгө маңыроо,
Мал да жүрөт, мал сыяктуу -жан жүрөт