Урматтуу кесиптеш айымдар, Сиздерди жаз менен кошо жаркырап кирип келген аялдардын эл аралык күнү 8-март майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Ардактуу апалар, эжелер, карындаштар. Сиздер үйдүн куту гана болбостон коомубуздун билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, элибиздин бакубат жашоосу үчүн, өлкөбүздүн гүлдөп өсүшү үчүн өзүңүздөрдүн эбегейсиз зор салымыңыздарды кошуп келесиздер. Сиздер бар үчүн биздин жашообуз жарык, көңүлүбүз ток, маанайыбыз ачык, Сиздер аркылуу муундар жаңыланып, турмуш уланып, "Адамзат" өнүгүүдө. Бул дүйнөдөгү Сиздердин ордуңуздарды жана эмгегиңиздерди эч нерсе менен салыштырып болбойт. Кымбатуу кесиптеш айымдар үй-бүлөңүздөрдүн алдында ар дайым бар болуң